Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

ЖАМК жетекчиси Мамыркуловго катуу сөгүш жарыяланды


Өкмөттүн алдындагы коопсуздукту камсыз кылуу кеңеши Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Алик Мамыркуловго, анын орун басары Орозбек Энтериевге катуу сөгүш жарыялады. Кеңештин 3-декабрдагы жыйынында өзгөчө кооптуу делген кылмышкерлердин абактан качуусу бул системадагы иштин жетишсиздигинен жана ыкчам-кызматтык аракеттердин көрүлбөгөнүнөн келип чыкканы айтылды.

Ошондой эле кеңеш мүчөлөрү Жаза аткаруу кызматындагы бардык багыттар боюнча ишти канааттандырарлык эмес деп тапты. Мындан сырткары бул системаны реформалоо үчүн мыйзам долбоорлорун жана чечимдерди иштеп чыгуу боюнча атайын топ түзүлмөй болду.

Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Алик Мамыркулов жана анын орун басарлары эмдигиче ачык үн ката элек. Буга чейин аталган кызматтын Байкоочу кеңеши соңку чуулгандуу окуялар боюнча аталган кызматтын башчысы Алик Мамыркулов кызматтан алынышы керектиги тууралуу өлкө жетекчилигине кайрылган эле.

11-октябрда Чүйдөгү №50 абактан тогуз кылмышкер күзөттөгү үч кызматкерди өлтүрүп, дагы бирин оор жарадар кылып качып чыгышкан. Аларды кармоо учурунда жөн-жай эки тургун окко учкан жана кылмышкерлердин көпчүлүгү жок кылынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG