Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:53

"Талибан" лидеринин тагдыры али анык эмес


Талибан лидери молдо Актар Мансур.
Талибан лидери молдо Актар Мансур.

Ооган расмий өкүлдөрү буга чейин билдиргендей, молдо Актар Мансур Пакистандын Кветта шаарында "Талибандын" башка лидеринин үйүндөгү атышуудан оор жаракат алган же балким өлгөн.

Бирок "Талибан" бул маалыматты кыймылдын ичинде ажырым жаратууну көздөгөн пропаганда катары четке каккан болчу.

Анткен менен молдо Мансурдун өз атынан эч кандай билдирүү жасала элек.

"Талибандын" басма сөз өкүлү Мансур менен түз байланыштын жоктугун коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүнө байланыштырды.

Кыймылдын молдо Мансур менен жакын мамилеси бар айрым мүчөлөрү, маалыматтарга караганда, ал 1-декабрдагы атышуудан жабыркаганын моюнга алышкан жана учурда жеке менчик ооруканада дарыланууда.

"Талибандын" мурдагы лидери молдо Омар эки жыл мурда өлгөнү быйыл июлда билинген. Ушундан кийин кыймылдын лидери катары молдо Мансурдун жарыяланышын айрым атаандаш тайпалар тааныган эмес. (UE)

XS
SM
MD
LG