Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:57

Молдова Орусияны Приднестровьеден аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырды


Приднестровьенин борбору Тираспол. 2014-жылы, июнда тартылган сүрөт.
Приднестровьенин борбору Тираспол. 2014-жылы, июнда тартылган сүрөт.

Мындай чакырыкты жума күнү Молдованын тышкы иштер министри Наталья Герман ЕККУнун министрлер кеңешинин Белграддагы жыйынында жасады.

Молдова министринин айтымында, Орусия эл аралык милдеттенмелерин аткарып, Приднестровьедеги тынчтыкты сактоо боюнча операциясын эл аралык мандат астындагы жарандык миссияга айлантууга жардам бериши керек.

Наталья Герман ошондой эле Приднестровьенин маселесин чечүү боюнча эл аралык сүйлөшүүлөр улантылышы керектигин да белгиледи.

Орусия 1999-жылы ЕККУ ортомчу болгон келишимге ылайык, Приднестровьеде совет доорунан бери турган 1500 аскерин 2002-жылга чыгарып кетүүнү убада кылган, бирок аткарган эмес.

Орус тилдүүлөр үстөмдүк кылган Приднестровье 1990-жылы Молдовадан көз карандысыздыгын жарыялаган. Мунун артынан 1992-жылкы согушта 1,500 кишинин өмүрү кыйылган. (UE)

XS
SM
MD
LG