Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:53

Багдад Анкарадан Ирактагы кошуунун алып чыгып кетүүнү талап кылды


Ирак өкмөтү тез арада өлкө аймагынан түрк кошуундарын алып чыгып кетүүнү Анкарадан талап кылууда. Мурдараак Түркия аскерлерин Ирактын Мосул шаарына жөнөткөн болчу.

Ирак премьери Хайдар ал Абади Анкара өкмөтүнүн бул аракети Ирактын эгемендигине доо кетирерин белгилеп, коңшучулук ымаланы урматтоого чакырды.

Түрк өкмөтү июнь айында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу басып алган Мосул шаарына жакын Башика конушуна 150 аскерин жөнөткөнү кабарланган. Алар күрт отряддарына машыгууларды өткөрүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG