Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Түркия менен Сирия чектешкен жерде кыргызстандык аялдар кармалды


Кыргызстандан Сириядагы экстремисттик топтордун катарына кошулуу үчүн бараткан үй-бүлө мүчөлөрү кармалганын “Интерфакс” агенттиги күч органдарына таянып билдирди. Маалыматка караганда, 55 жаштагы аялды 20-23 жаштардагы үч кызын алып, Сирияга өтүп бараткан учурда түрк аскерлери колго түшүргөн. Алар Кыргызстандын түштүгүнөн Казакстан аркылуу Түркияга барып, андан ары Сирияга өтүп кетүүнү пландаганы аныкталды.

Маалыматка караганда, аялдын күйөөсү Сирияда согушуп жүрөт. Алгач баласы кетип, ал жакта каза болгон. Сурак учурунда ал үй-бүлөсүн бириктирүү максатында жолго чыкканын айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG