Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Адвокат Нурбек Токтакунов президенттин үстүнөн сотко кайрылды


Нурбек Токтакунов
Нурбек Токтакунов

“Прецедент” коомдук бирикмесинин жетекчиси, адвокат Нурбек Токтакунов бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн сындаганы үчүн президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн Биринчи май райондук сотуна кайрылды. Бул тууралуу Токтакунов өзү “Азаттыкка” билдирди. Ал шайлоо алдында мамлекет башчы эл аралык байкоочулар менен жолугушкан учурда “бейөкмөт уюмдар элдин арасына бүлүк салууну көздөйт” деп айтканы үчүн ушундай кадамга барганын айтууда.

Токтакунов биометрикалык маалымат саясатына каршы болгондорду "эл душманы" деп атоо өз дарегине багытталганын белгилеп, соттон бул айтылгандардын жалган жалаа экенин аныктап берүүнү талап кылууда. Ал эми президенттик аппарат Атамбаевдин айткандары Токтакуновдун аброюна доо кетирбей турганын, мамлекет башчы конструктивдүү сын айтканын жана эч кимди мазактабаганын белгилейт. Арызды сот качан карай турганы азырынча белгисиз.

Жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо Конституцияга кайчы келерин аныктап берүүнү өтүнүп, укук коргоочулар Токтайым Үмөталиева менен Нурбек Токтакунов быйыл май айында Конституциялык палатага кайрылышкан. Бирок биометрия жараяны Баш мыйзамга каршы келбейт деген чечим чыккан.

Кыргызстанда биометрикалык маалымат чогултуу өнөктүгү 2014-жылдын сентябрында башталып, быйыл алгачкы жолу парламенттик шайлоодо бул ыкма колдонулду. (SE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG