Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:16

Арменияда өткөн референдумда шайлоочулар парламенттик башкарууга өтүүнү колдоду


Армениядагы добуш берүүнүн жыйынтыгы
Армениядагы добуш берүүнүн жыйынтыгы

Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы Конституциялык реформа боюнча алдын ала электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, шайлоого катышкандардын 63,35% Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү колдогон. Ал эми шайлоочулардын 32,35 % каршы добуш берген.

БШК төрагасы Тигран Мукучяндын айтымында, алдын-ала маалымат боюнча референдумда 1 миллион 296 368 жаран добуш берип, катышуу 50,51 процентти түздү. Өлкөдө жалпысынан 2 566 730 шайлоочу бар.

Реформаны колдогон шайлоочулардын саны талап кылынган деңгээлден 200 миң добушка ашып түшкөн.

Оппозиция өкүлдөрү референдумдун жыйынтыктарын “бурмаланган” деп баалашууда. Ошол эле кезде башкаруучу партия жана реформаны колдогон күчтөр бул референдумду алдыга жылуу катары сыпатташты.

Арменияда 6-декабрда Конституцияга өзгөртүү боюнча референдум өттү. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорунда өлкөнү жарым президенттиктен толук парламенттик башкарууга өткөрүү каралган.

XS
SM
MD
LG