Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:55

Cербияда министр журналистти шылдыңдаганы үчүн жумуштан кетет


Сербия өкмөт башчысы Александр Вучич мамлекеттин коргоо министри журналисттин дарегине айткан шылдың сөзү үчүн кызматтан кетиши керектигин билдирди. Анын айтуусунда, министр Братислав Гасич жасаган жоругун кечирим суроо менен гана “жууй албайт”.

7-декабрда маалымат жыйын учурунда телекамераларга тоскоолдук кылбоо максатында тизелеп отурган журналист айымга карап, министр Гасич “Журналист кыздар ушинтип алдыңда тизелеп отурганын аябай жактырам” деген болчу. Бул сөзү үчүн кийинчерээк “Твиттерде” кечирим сурап, айтканына бушаймандыгын жазган. (SE)

XS
SM
MD
LG