Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:52

The Times: премьер Яценюк коррупцияга шектелүүдө


Украинанын прокуратурасы премьер-министр Арсений Яценюктун Одессадагы заводдон жылына 90 миллион долларга чейин өөнөгөн коррупциялык схемага катыштыгын иликтей баштады. Бул тууралуу шейшемби күнү британиялык The Times басылмасы Одесса облусунун прокурорунун орун басары Давила Сакварелидзеге шилтеме келтирип жазып чыкты. Анын айтымында, Яценюктун бул жемкордукка тиешеси бар экенине илинчектер аталган заводду текшерүү учурунда табылган. Бул завод мамлекеттин менчигинде турат. “Украина чындыгы” гезити Яценюктун айлана-чөйрөсү бул айыптоону четке кагып, аларды чындыкка коошпой турган каралоо катары кабыл алды деп жазган.

Одесса облусунун башчысы Михаил Саакашвили дүйшөмбүдө “Бешинчи каналдын” эфиринен Украинанын министрлер кабинетинин бул коррупциялык ишке катышы бардыгын ырастаган документтерди көргөзүүгө даяр экенин билдирген болчу. Анда Саакашвили буга окшогон коррупциялык схеманын айынан Украина жылына беш миллиард доллардан ашуун каражатын жоготуп жатканын айткан. (KJ)

XS
SM
MD
LG