Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:31

Кыргызстанда бир күндө 30га жакын кыз ала качууга дуушар болууда


Бир суткада Кыргызстанда болжол менен 32 кыз ала качууга дуушар болот. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте эрте үй-бүлө курууга мажбур болгон кыздар көйгөйү талкууланган жыйында айтылды.

Укук коргоочулардын белгилешинче, жыл сайын 12 миңге жакын кызды ала качып кетишет. Зордукталгандардын саны 2 миңден ашат.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, бир жылда өлкөдө кыздарга жана аялдарга карата жасалган кылмыштардын каттоого алынган саны 3 миңге жетет. Бул өлтүрүү, ден соолугуна залал келтирүү, зордуктоо жана мажбурлап үй-бүлө курдуруу сыяктуу көрүнүштөр.

Бүгүнкү жыйынды Кыргызстандын акыйкатчысы "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылы менен бирге уюштурду. (RK)

XS
SM
MD
LG