Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Орусия Сириянын аймагына субмаринадан сокку урду


Орусиянын Коргоо министрлиги Жер Ортолук деңизиндеги “Ростов-на-Дону” субмаринасынан Сириянын аймагына карата ракеталык сокку урууну чагылдырган видео тасманы жарыялады. Коргоо министри Сергей Шойгу президент Владимир Путин менен жолугушууда “Ислам мамлекети” тобунун турумдарына карата “Калибр” үлгүсүндөгү канаттуу ракеталар атылганын кабарлаган болчу. Анын айтымында, андагы курал-жарак сактаган кампаларга, миналарды даярдаган заводго жана мунайзат өндүрүшүнө олуттуу соккулар урулган.

Орусиянын Сириядагы аскерий операциясы быйыл сентябрь айынын аягында башталган болчу. Эл аралык коалициялык күчтөр Сириядагы жана Ирактагы “Ислам мамлекети” тобуна карата 2014-жылдын сентябрь айынан бери абадан сокку уруп келе жатат. (KJ)

XS
SM
MD
LG