Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:41

Иранда “чочко ылаңынан” 30дан ашуун адам каза болду


Иранда ооруга байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү
Иранда ооруга байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Илдет айрыкча өлкөнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө күч алды. Бийлик оорунун башка аймактарга жайылып кетпөөсү үчүн бүт аракетти көрүүдө.

Саламаттыкты сактоо министри Али Акбар Сайари “чочко ылаңынан” 36 кишинин өмүрү кыйылганын айтты. Оору Керман провинциясында жана Пакистан менен Ооганстанга жакын Систан-Билужистан аймактарында күчөп баратат. Азербайжандын чыгыш бөлүгүнө өтүшү да ыктымал экени айтылууда.

Ушул тапта Иранда 750 адам ооруканада ылаң менен күрөшүп жатат.

H1N1 вирусун чакырган бул оору алгач Мексикада пайда болуп, тез арада башка өлкөлөргө тараган. (SE)

XS
SM
MD
LG