Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:56

Путин карыздарга байланыштуу Украинаны сотко берүүнү тапшырды


Владимир Путин
Владимир Путин

Орусия президенти Владимир Путин эгер Украина 3 миллиард доллар карызды төлөбөсө, сотко берүү керектигин айтып, Финансы министри Антон Силуановго тапшырма берди.

Шаршемби күнү премьер-министр Дмитрий Медведев Киев карызды берүүдөн баш тартышы ыктымалдыгын белгилеп, “Батыштагы өнөктөштөрүбүз Украинага көмөктөшүп эле тим болбой, биздин аласа-бересебизге тоскоолдук да кылып жатышат” деген.

Украинанын мурунку өкмөтү облигация чыгаруу иштеринен улам Орусияга 3 миллиард доллар карыз болгон. Бересени төлөө мөөнөтү ушул жылдын соңунда аяктайт. (SE)

XS
SM
MD
LG