Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:12

Бишкекте ретро тасмалар көрсөтүлөт


“Кыргызстан - кыска метраждуу тамсалар өлкөсү” V эл аралык фестивалдын алкагында буга чейин эл аралык жана улуттук сынактарда жеңишке жетишкен ретро тасмалар көрсөтүлөт. Бул тууралуу сынактын уюштуруучулары билдирди.

Көрсөтүлө турган тасмалардын арасына өткөн жылдарда жеңишке жеткен сегиз фильм кирген. Алар: Алижан Насировдун “Суу”, Акжол Бекболотовдун “Аяз атага кат”, Наргиза Маматкулованын “Жымжырттык”, эстон режиссеру Янно Юргенстин “Аралык”, Руслан Акундун “Өтмөк”, тажик режиссеру Шарофат Арабованын “Ара”, Чолпонай Бөрүбаеванын “Топурак”, Орусия режиссеру Николай Котяштын “Ар бири биринчи” тасмалары.

Жыл сайын “Мыкты тасма” номинациясына ээ болгон фильмдер кинофестивалдын алтын фондуна кабыл алынып келет.

“Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” V эл аралык фестивалы 12-15-декабрда Бишкекте өтөт. Ага катышуу үчүн КМШ, Балтия мамлекеттеринен жана Грузиядан 300 тасма келип түшкөн. Алардын ичинен 13 тасма фестивалга катышууга тандалып алынган. (ZA)

XS
SM
MD
LG