Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:21

Кыргызстан чет элдик инвестор үчүн туруктуу өлкө аталды


Moody’s эл аралык рейтинг агенттиги Кыргызстанга B 2, башкача айтканда, инвесторлор үчүн жагымдуу, туруктуу деген рейтингин ыйгарды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институттун жетекчиси Талант Султанов билдирди. Эл аралык уюмдун бул чечимин ал Кыргызстан үчүн жеңиш деп атады.:

- Биз көп жылдан бери ошол рейтингди алабыз деп аракет кылып келдик эле. Биздин кошуналардын көбүнүн рейтинги бар. Анысы жок мамлекеттерге көп инвесторлор көңүл бурбай, билбей да калат.

Султановдун айтымында, рейтингдер тизмегинде В 2 ортоңку орунду ээлейт жана каржылык-экономикалык жактан айрым кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жаткан Кыргызстан үчүн бул өтө маанилүү чечим болду. Moody’s​ рейтингине илиниш үчүн кыргыз өкмөтү 15 жыл аракет кылып келген. (RK)

XS
SM
MD
LG