Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:44

Орус аскерий кемеси түрк балыкчыларына ок ачты


Орусиянын “Сметливый” деп аталган аскерий кемеси 13-декабрда Эгей деңизиндеги балыкчыларга ок ачты. Орус өкмөтү бул эскертүү балыкчылардын кемеси менен кагылышып кетпөө үчүн жасалганын билдирди. Кабарларга караганда, орус аскерлери түрк балыкчыларынын кемеси аларга 600 метр калган учурда ок атышкан. Андан соң түрктөр багытын өзгөрткөн. Ок ачуунун зыяндары тууралуу маалымат айтыла элек.

“Биз бир канча жолу аракет кылганыбызга карабай, түрк кемесинин экипажы Орусия деңизчилери менен байланышка чыкпады, атайын сигналдарга да жооп берген жок”,- деп белгиленет Орусиянын Коргоо министрлиги тараткан маалыматта.

Окуяга байланыштуу Москвадагы Түркиянын аскерий атташеси орус Коргоо министрлигине чакыртылды.

Түрк бийлиги окуя боюнча расмий билдирүү жасай элек. Бирок балыкчылар орустардын айтканын төгүндөп, алар өз багытында 2 км алыста сүзүп баратканын, алдын ала эскертүү сигналдары келбегенин маалымдады. (SE)

XS
SM
MD
LG