Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:41

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитети Кыргызстанда бодо малды идентификациялоону баштоо үчүн бюджеттен 40 млн. сом бөлүүнү сунуштады. Комитет төрагасы Мирланбек Бакиров Казакстан тарап ветеринардык көзөмөлдү ачуу үчүн бул ишти аткаруу зарыл болуп жатканын 14-декабрда билдирди:

- Идентификация болмоюн чек ара ачылбайт. Ошондуктан бюджетке акча киргизип, акырындап баштайт элек. Бюджетин карап атканда ошону аткара берели.

Өкмөт малды идентификациялоону Польшанын 30 млн. евро насыясынын эсебинен жүргүзүүнү көздөп жаткан. Бирок Польша насыясын алууда айрым маселелер чыгып, ал кечигип жатат деп белгиледи Бакиров.
Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенине карабай Казакстан менен чек арасында ветеринардык көзөмөл сакталып турат. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG