Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:56

“Азаттыктын” журналисттеринин тасмасы атайын сыйлыкка татыды


Бишкекте жыйынтыкталган "Бир дүйнө - Кыргызстан" даректүү тасмалар фестивалында "Азаттыктын" журналисттери Санжар Эралиев менен Жанарбек Жолдошбаев тарткан “Өгөйлөнгөн келиндер” тасмасы аялдардын укуктарын мыкты чагылдырган үчүн атайын сыйлык алды. Сыйлыкты Британиянын Согуш жана Тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) регионалдык жетекчиси Абахон Султанзаров тапшырып, “Тасма элдин көзүнө көрүнбөгөн, мамлекеттик камкордуктан оолак калган кыйын абалдагы аялдардын жашоосун чагылдырат” деп белгиледи. "Азаттык" радиосунун атайын сыйлыгын Айсулуу Текимбаеванын “Адашкан балалык” тасмасы жеңди.

Адам укугуна арналган “Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалынын тогузунчу айлампасы бүгүн жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды. Быйыл фестивалга аялдар жана балдар укугуна арналган 22 тасма катышты. Анын 18ин чет элдик, төрт тасманы жергиликтүү режиссерлор тарткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG