Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:13

Йеменде бүгүн тынчтык келишими күчүнө кирет


Йемендеги талкаланган имараттар жана жергиликтүү тургун
Йемендеги талкаланган имараттар жана жергиликтүү тургун

Йеменде бүгүн жергиликтүү убакыт менен чак түштө Швейцарияда өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тынчтык келишими күчүнө кирет. Сауд Арабия башында турган коалиция Йемендин сүргүндөгү суннит өкмөтүн калыбына келтирүү үчүн шиит агымындагы хусит жикчилдерине каршы урушту быйыл мартта баштаган.

Тынчтык келишимине ылайык, 15-декабрдан 21-декабрга чейин атышуулар болбойт жана сүйлөшүүлөрдүн негизинде дагы узартылышы мүмкүн.

Он айга жакын убакыттан бери токтолбой келаткан апааттан улам Йеменде алты миңден ашуун киши набыт болду. БУУнун элдешүү иштерин жүргүзүү аракетинен майнап чыкпай, өлкөдө ушу тапта гуманитардык кризис өкүм сүрүүдө.

Кырдаалдан пайдаланып “Ислам мамлекети” жана “Аль-Каида” экстремисттик топтору өлкөнүн түштүк-чыгыш аймактарын басып алган.(SE)

XS
SM
MD
LG