Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

Кытай менен Египет камалган журналисттердин саны боюнча алдыда


Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитеттин 15-декабрда жарыяланган баяндамасында Кытай менен Египет жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү эң көп түрмөгө камалган өлкөлөр катары аталган. Нью-Йоркто жайгашкан бул укук коргоо уюмунун изилдөөсү боюнча жалпы дүйнө жүзү боюнча үч жылдан бери түрмөгө түшкөн журналисттердин саны боюнча рекорддук көрсөткүч жай ылдыйлап баратканы белгиленген. Дүйнө жүзүндө учурда укук коргоочулар белгилегендей, массалык маалымат каражаттарынын 199 кызматкери түрмөдө отурат. Былтыр бул сан 221 журналист болчу. Жыл башынан бери 1-декабрга карата Кытайда 49 журналист камалса, Египетте 23, Иранда 19, Эритреяда 17 жана Түркияда 14 кабарчы абакта отурат. Мурдагы советтик республикалардын ичинен түрмөгө камалган журналисттердин саны боюнча Азербайжан алдыга чыккан. Анда президент Илхам Алиевдин ишмердигин иликтеген журналист Хадижа Исмаилованы кошкондо жыл башынан бери сегиз журналист камалган. Өзбекстанда төрт журналист эркинен ажыратылган. Орусия, Түркмөнстан жана Кыргызстанда бирден журналист камалганы баяндамада көрсөтүлгөн.(KJ)

XS
SM
MD
LG