Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:55

Москвада украин жараны Валентин Выговский 11 жылга соттолду


Москва облустук соту Украинанын 32 жаштагы жараны Валентин Выговскийди тыңчылыкка айыптап, 11 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарды. Өкүмгө ылайык Орусиянын аймагында тыңчылык кылды деп айыпталган Валентин Выговский жаза мөөнөтүн катаал тартиптеги абакта өтөөгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы маалымат таратты. Выговский Орусиядагы аэрокосмикалык жашыруун маалыматтарды чогулткан деп шектелген болчу. Валентин Выговский былтыр өзү туулуп өскөн Крымда камакка алынган. Андан башка Украинанын үч жараны террорчулукка айыпталып кармалып, былтыр жоопкерчиликке тартылган. Алардын арасында белгилүү режиссер Олег Сенцов да бар.

XS
SM
MD
LG