Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:40

Жалал-Абадда коомдук алдын алуу борбору иштей баштады


Жалал-Абаддын Сузак районунда АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин каржылоосунда курулган Коомдук алдын алуу борбору ачылды. Аталган борбордо жергиликтүү өкмөттө иштегендердер, милиция жана жарандык коом өкүлдөрүнөн куралган коопсуздукту камсыз кылуу форуму иштей баштады. Борбор толугу менен керектүү жабдуулар менен жабдылды. Ачылышы 15-декабрда болуп, ага элчи Шейла Гуолтни жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч кызматкерлери катышты.

Борбор кыздардын эрте турмуш куруусун, жаштардын экстремизмге азгырылуусун жана кылмыштуулукту алдын алуу багытында иш жүргүзөт. (RsK)

XS
SM
MD
LG