Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Акаев: Бел-Алмадагы көмүр мыйзамсыз казылууда


Жанар Акаев
Жанар Акаев

Кадамжайдагы Бел-Алма көмүр кени мыйзамсыз казылып жатат. Бул тууралуу парламент жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев билдирди. Анын айтымында, Оштогу ишкер Жалил Атамбаевге таандык “Беш-Арча” компаниясы көмүрдү мыйзамсыз казып, ташып кетүүдө.

- "Беш-Арча" Оштогу миллионер Жалил Атамбаевге таандык экенин элдин баары билет. Ал көмүрдү каалагандай сатып жатат. Бирдеме десе “крышасы” бар экен деп, андан коркот экенсиңер. Геология агенттиги, маселени изилдеп парламентке отчет бергиле, - деди Акаев.

Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин ырасташынча, аталган кенди мыйзамсыз иштетүү боюнча Баткен облустук прокуратурасы кылмыш ишин козгогон.

Бирок кен жайгашкан Майдан айылдык кеңешинин аксакалдары президентке чейин даттанып, көмүрдү көмүскө казгандарга эч кандай чара көрүлбөй жатканын айтып келишет. Бел-Алмада бери дегенде 70 млн. тонна көмүр кору бар экени аныкталган. (UEz)

XS
SM
MD
LG