Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Ат-Башы районунда жаңы медпункт ачылды


Ат-Башы районуна караштуу Жаңы-Күч айылында фельдшердик-акушердик пункт ачылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди. Маалыматка ылайык, имараттын эскилиги жеткендигине байланыштуу өткөн жылы жаңы пункттун курулушу башталган.

Курулушка 22 млн. 400 миң сом кетсе анын 2 млн. 200 миң сомун АРИС уюму каржылаган. Калганы жергиликтүү элдин жана айыл өкмөт эсебинен толукталган.

Медпункттун ачылышында өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов келерки жылы облуста 50дөй объект куруларын билдирди.(MiK)

XS
SM
MD
LG