Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Милиция кармап кеткен активисттер сот өкүмүн күтүүдө


Журналисттер Дайыр Орунбеков, Адилет Айтикеев жана оппозициячы активист-саясатчылар Бектур Асанов, Уран Ботобеков, Адил Турдукулов, Тимур Саралаев жана Орозбек Шарабидин Биринчи май райондук сотунда сот өкүмүн күтүүдө. Аларга "уруксатсыз акцияга чыгуу, күч кызматкерине баш бербөө жана майда бейбаштык" сыяктуу айыптар тагылууда.

Алардын адвокаты, укук коргоочу Азиза Абдрасулова активисттерди милициянын кармап кетүүсү жана тагылып жаткан айыптар мыйзамсыз экенин айтууда.

Бүгүн жети активистти Ак үйгө жакын жерден милиция кармап кеткен. Алар журналист Дайыр Орунбековго салынган акчалай айыпты төлөө үчүн чогултулган 12 миң сомду президентке тапшырмак болушкан.

Дайырбек Орунбеков 2014-жылы сентябрда “Мaalymat kg” интернет сайтына Ош окуясына байланыштуу макаласын жарыялаган. Анда Ош окуясына саясий баа берүү маселеси көтөрүлгөн. Башкы прокуратура макалада айтылгандар президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына доо келтирген деп кылмыш ишин козгоону талап кылган. Кийинчерээк доо арызды кароо Жарандык кодекстин негизинде жүргүзүлүп, журналистке каршы миллион сомдук доо коюлган. 16-июндагы сотто башкы прокурор доонун өлчөмүн дагы бир миллион сомго көбөйткөн. Буга чейин ал эки миллион сомду топтоо үчүн Орунбековдун кеңсесине атайын куту орнотулган жана ыктыярчылардын жардамы менен көчө-базарларды кыдырып, бир сомдон чогултулган. Жыйынтыгында жалпысы 12 миң сом жыйналган. (UЕz)

XS
SM
MD
LG