Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Каримовдун кенже кызынын кымбат баалуу үй-мүлкү ачыкка чыкты


Лола Каримова
Лола Каримова

Америкалык “Нью Йорк Таймс” гезити 15-декабрда Лос-Анжелестеги көрүнүктүү райондордун биринде өзбек президентинин экинчи кызы Лола Каримова өтө кымбат төрт үй сатып алганын жазып чыкты. Андагы кабарларга таянсак, палестиндик ишкер Мохаммед Хадиддин жардамы менен Лола Каримова менен күйөөсү Тимур Тилляев 2013-жылдын жайында 58 миллион долларга бааланган чоң үйгө ээ болушкан. Мындан тышкары ушул эле шаарда миллиондогон акча турган дагы үч үй аларга таандык экени божомолдогон.

Ошол эле маалда басылма Каримовдордун үй-бүлөсүнө карата бир нече мамлекетте коррупциялык иштер боюнча иликтөө жүрүп жатканын эске салган. Бул кабар батыш жана америкалык басма сөздө кызуу талкууга түрткү берди.

“Азаттыктын” журналисттери “Нью Йорк Таймс” гезитиндеги макалага карата пикирин билүү үчүн Лола Каримованын жактоочусуна кайрылганда, ал басылманы сынга алып, өзбек президентинин үй-бүлөсү жемкорлук боюнча айыпталып жатканын четке какты.

Актоочу тарап кардарларынын тапкан кирешеси мыйзамдуу деп ишендирүүдө.

Өзбек президенти Ислам Каримовдун үй-бүлөсүндөгү пикир келишпестик 2013-жылы сентябрда ачыкка чыккан. Үй камагында кармалып турганы айтылганы менен, азыр кайда экенин эч ким билбеген тун кызы Гүлнара Каримова өзүнө каршы аракеттердин артында өз апасы Татьяна жана сиңдиси Лола турганын айтканы бар.

Лола Каримова болсо эжеси менен 12 жылдан бери катышпай калганын жарыялаган. Гүлнара сиңдисинин каржы боюнча иштерин да сынга алган. Каримовдун эки кызынын тең байлыгы эл ичинде көп талкууланган маселе. (NT\SE)

XS
SM
MD
LG