Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:43

Канжар Кадыралиевден жабыркагандар Атамбаевге кайрылышты


Канжар Кадыралиевден жабыркагандар Атамбаевге кайрылышты

Канжар Кадыралиевден жабыркагандар Атамбаевге кайрылышты

Экс-депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевден жабыркагандар маалымат жыйын куруп, мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевден жардам сурашты. Кордук көргөн өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевдин атасы Аширалы Келдибаев Канжар Кадыралиев анын иши президенттин жеке көзөмөлүндө турса да, сотторду сатып алып, камактан чыгып кеткенине нааразылыгын билдирди.

- Бул ишти сиз эле көзөмөлгө албасаңыз башкаларга ишенбейбиз. Кадыралиевдер сотторду паралап жатышат. Эгер мени кабыл алсаңыз Кадыралиевге сиздин атыңызды сатып, кимдер көмөктөшүп жатканын айтып берем,- деди Келдибаев.

30-ноябрда Октябрь райондук соту Кадыралиевди сыртка чыкпоо шарты менен УКМКнын тергөө абагынан чыгарган. Келдибаевдин үй-бүлөсү сот чечими аларды катыштырбай, жең ичинен чыгарылганын айтып келет.

Айыпталуучу Канжар Кадыралиев мурда Ош шаардык прокуратурасында иштеген. Ага бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик боюнча кылмыш иши козголуп, кызматынан бошотулган.

Кийин ал качып кеткендигине байланыштуу издөө жарыяланган. Качан гана сокур ичеги болуп ооруканага түшкөндө кылтакка илинген. Ал ошол кездеги ЖК депутаты Ыргал Кадыралиеванын үйүндө жашырынып жүргөнү белгилүү болгон.

Кадыралиевдин өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевден опузалап ири өлчөмдө акча талап кылышы коомчулукта резонанс жаратып, тергөөнүн аягына чыгышын президент Атамбаев өз көзөмөлүнө алган болчу. Канжар Кадыралиев болсо коюлган айыптоолорду четке кагып келет. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG