Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:47

Ыргал Кадыралиева: Канжардын саламаттыгы начар


Кадыралиевден жабыркагандардын маалымат жыйыны, 13-ноябрь 2015-жыл.
Кадыралиевден жабыркагандардын маалымат жыйыны, 13-ноябрь 2015-жыл.

Экс-депутат Ыргал Кадыралиева бир тууганы Канжардын саламаттыгы начарлап, үй шартында дарыланып жатканын айтты. Айтымда ага байланыштуу сот жараяны жабырлануучулардын териштирүүгө катышпай жаткандыгына байланыштуу создугууда.

- Жети айдан бери сот болбой жатат. Жабырлануучулар атайын эле сотко келбей Канжарды тергөө абагына көбүрөөк отурсун деп жатышат. Бул жөн гана шоу, болбосо ага тагылган айыптар боюнча бир да далил жок,- деди Кадыралиева.

Бүгүн Канжар Кадыралиевден кордук көргөн өзгөндүк ишкер Келдибаевдер маалымат жыйын куруп, аны жоопко тартууга президенттен жардам сурап кайрылышты. 30-ноябрда Октябрь райондук соту Кадыралиевди сыртка чыкпоо шарты менен УКМКнын тергөө абагынан чыгарган. Келдибаевдин үй-бүлөсү сот чечими аларды катыштырбай, жең ичинен чыгарылганын айтып келет.

Айыпталуучу Канжар Кадыралиев мурда Ош шаардык прокуратурасында иштеген. Ага бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик боюнча кылмыш иши козголуп, кызматынан бошотулган. Кийин ал качып кеткендигине байланыштуу издөө жарыяланган. Качан гана сокур ичеги болуп ооруканага түшкөндө кылтакка илинген. Ал ошол кездеги ЖК депутаты Ыргал Кадыралиеванын үйүндө жашырынып жүргөнү белгилүү болгон.

Кадыралиевдин өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевден опузалап ири өлчөмдө акча талап кылышы коомчулукта резонанс жаратып, тергөөнүн аягына чыгышын президент Атамбаев өз көзөмөлүнө алган болчу.(UEz)

XS
SM
MD
LG