Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:52

Улуттар аралык ынтымакты чыңдоого багытталган РЕАСЕ долбоору жыйынтыкталды


РЕАСЕ долбоорунун алкагында тартылган граффити. Ош шаары
РЕАСЕ долбоорунун алкагында тартылган граффити. Ош шаары

Буга байланыштуу Ош шаарында 18-декабрда долбоордун жыйынтыгы боюнча отчет берилди.

РЕАСЕ долбоору 2013-жылдын декабрь айында Оштогу Youth of Osh коомдук бирикмесинин демилгеси астында Евробиримдиктин жана DVV International эл аралык уюмунун колдоосу менен ачылган.

"Биз - түрдүүбүз. Биз - теңбиз" урааны астында ишке ашкан бул долбоор улут аралык ынтымакты чыңдоого, жаштарды өнүктүрүүгө багытталган. Анын алкагында жаштар граффити, музыка, актерлук чеберчилик, сүрөтчүлүк, журналистика, мультипликация, блог жазуу жана бий багытында 25 чыгармачыл топторго биригип иштеп, анын жыйынтыгында көргөзмө, форум, фестиваль, флеш-моб, телекөпүрө, социалдык роликтерди даярдап, коомчулукка тартуулашкан.

Ош, Бишкек, Жалал-Абад, Токмок жана Баткен шаарларында иш алып барган бул долбоор эки жыл иштеди. (AzK/ErN)

XS
SM
MD
LG