Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:29

22-декабрга карата аба ырайы


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Кыргызстанда 22-декабрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Тоолуу жолдордо кар көчкү жүрүү коркунучу бар.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9...-14, күндүз 1...6,

Талас жергесинде түнкүсүн -10...-15, күндүз -1...+4,

Баткен облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3...-8, күндүз 2...7,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...5,

Нарында түнкүсүн -20...-25, күндүз -5...-10,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25...-30, күндүз -15...-20 градус болот.

Бишкек шаарында асманды ала-булут каптап турат, жаан-чачын ыктымалдуулугу аз. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түнкүсүн -9…-11 суук, күндүз 3…5 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG