Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

“Мегаком” корпоративдик майрамдан баш тартпайт


“Мегаком” деген бренд менен иштеген “Альфа телеком” компаниясы ишкананын эсебинен жаңы жылды майрамдоодон баш тартпайт. Бул үчүн 2 миллион 900 миң сом коротулат. Мурдараак Кыргызстандагы мамлекетке караштуу ири ишканалар майрамдык шан-шөөкөттөн баш тартып жатканы айтылып, арасында “Мегаком” да бар экени кабарланган. Өкмөт башчы Темир Сариев ишемби күнкү өкмөттүк жыйында жаңы жылдык жамааттык майрамга бейчеки чыгым коротууну токтотууну сунуштаган эле.

“Мегакомдун” башкы директору Азат Базаркулов “Азаттыкка” билдиргендей, алар буга чейин бекиткен иш-пландарына байланыштуу майрамдык кечелерден баш тарта албайт:

- Анткени, биз эки ай мурун белектерге заказ берип, майрам өткөрүү боюнча тендер жарыялаганбыз. Эми андан баш тартсак, айыппул төлөөгө туура келет. Компанияда миңден ашуун кызматкер иштейт, дагы миңден ашуун корпоративдик кардарларыбыз бар. Аларга майрам уюштуруп беришибиз керек.

"Мегаком" майрамга бөлүнгөн акчанын бир миллионго жакынын кардарлар үчүн белекке, калганын кызматкерлерге жумшайт. Бул акча 1300 кызматкерге 1538 сомдон айланат.

Жаңы жылдык оюн-зоокторду уюштуруудан баш тарткан мекемелердин катарында “Манас” аэропорту, “Кыргыз темир жолу”, "Оптима" банк, "Байтүшүм" сыяктуу мекемелер бар экени айтылган. (SE\MTo)

XS
SM
MD
LG