Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:56

Тажикстанда адвокат экстремист деп шектелүүдө


Тажикстандагы “Ислам кайра жаралуу партиясынын” адвокаты Бузургмехр Ёров буга чейин көз боёмочулук жана документтерди оңдогон деп күнөөлөнүп келген. Эми ага “экстремисттик уюм түзгөн”, “элди экстремизмге чакырган”, “улут аралык араздашууну козуткан” деген айыптар кошулду.

Ал жакында күч органдарындагы кыйноо фактыларын ачыкка чыгаргандан соң суракка чакырылган. 28-сентябрда анын кеңсесинен “Ислам кайра жаралуу партиясынын” мүчөлөрүнө байланышкан документтер табылып, камакка алынган. Тажикстандын Ички иштер министрлиги кылмыш иш жашыруун деген негизде, Ёровго коюлган айыптар тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

Адвокат жаңы айыптар менен макул эместигин тергөө абагында туугандары менен жолугушканда билдирген. (SE\AKu)

XS
SM
MD
LG