Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:51

Эгей деңизинде сегиз бозгун чөгүп кетти


Эгей деңизиндеги мигранттарды куткаруу.
Эгей деңизиндеги мигранттарды куткаруу.

Эгей деңизинин Түркиянын Измир шаарына жакын тарабында сегиз качкын чөгүп кетти. Алардын алтоо жаш балдар. Бозгундар түшкөн кайык Грекиянын Лесбос аралын көздөй баратканда катуу толкунга кабылып, оодаралып кеткен. "Доган" маалымат агенттиги дагы 14 мигранттын дайын-дареги чыкпай жатканын билдирди.

Түркия менен Грекиянын ортосундагы Эгей деңизинде бир күн мурда да 13 адам чөгүп кеткен эле.

Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар иши боюнча башкармалыгы менен Миграция боюнча эл аралык уюмдун маалыматтарына караганда, быйыл Европаны көздөй агылган миллиондон ашуун мигрант-качкындардын көбү деңиз аркылуу өтүшкөн. Европага эптеп жетип алууну самаган бозгундардын арасынан 3 692 адам сууга чөгүп кеткен.

Согуш оту өчпөй жаткан Сириядан чыккан качкындардын көбү алгач Түркияга өтүп, андан ары деңиз аркылуу Европаны көздөй жол тартышат.

XS
SM
MD
LG