Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:55

Быйыл кыргыз тилин өнүктүрүүгө арналган 60 китеп чыкты


Кыргыз тили китеби.
Кыргыз тили китеби.

Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынан кабарлашты. Мамлекеттик тилди өнүктүү боюнча Улуттук программаны ишке ашыруучу жумушчу топтун мүчөсү, академик Абдылдажан Акматалиев китептер мамлекеттик колдоо менен басылып чыкканын билдирди.

Анын айтуусунда, 30 млн. сомго тендер жарыяланып, учурда “Түшүндүрмө сөздүк”, “Орусча-кыргызча сөздүк”, “Кыргыз тилинин синоним, омоним, антоним” ж.б. сөздүктөр, “Эл адабияты”, “Залкар акындар”, “Окурмандын китеп текчесине” деген эмгектер жарык көрдү.

2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди колдоонун программасы президент тарабынан кабыл алынган. Ага бюджеттен 243 миллион сом каралган. (ZA)

XS
SM
MD
LG