Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:30

Грузияда Георгий Квирикашвили өкмөт башчы болду


Георгий Квирикашвили
Георгий Квирикашвили

Грузия президенти Георгий Маргелашвили өкмөт башчылыкка сунушталган Георгий Квирикашвилини премьерлик кызматка бекитти.

Буга чейин тышкы иштер министри болуп турган 48 жаштагы Квирикашивилинин талапкерлигин парламенттеги “Грузия кыялы” деп аталган көпчүлүк коалиция көрсөткөн.

Ал 2012-жылы экономика министри, 2015-жылдын сентябрында тышкы иштер министри болгон.

Мурдагы өкмөт башчы Гарибашвили 23-декабрда отставкага кеткен. Бирок анын кызматтан кетүү себептери ачык айтылбай жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG