Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:23

«Жылдыздар согушу» тасмасы рекорд койду


«Жылдыздар согушу: жаңы күч» көркөм тасмасы билеттердин сатылышы боюнча буга чейин эң көп каражат топтогон фильмдерден алдыга озду.

25-декабрга карата Түндүк Америкада сатыктан 49,3 миллион доллар пайда түштү. Бул көрсөткүч 2009-жылы «Шерлок Холмс» тасмасынан топтолгон акчадан 2 эсе көп. Алдыдагы он күн ичинде фильмдин казынасы 530 миллион долларды түзөрү күтүлүүдө.

Режиссер Жей Абрамс бул ирет 1977-жылдагы биринчи чыккан тасмадан көптөгөн каармандарды кошуп, жаңы идеяларды киргизген. Натыйжада анын эмгеги күйөрмандардын купулуна толгон.

28-декабрга карата бүткүл дүйнө боюнча 1 миллиард доллар түшүп, кыска убакыттын ичинде ири акча топтогон биринчи тасма катары тарыхта калат, деген ойлор айтылууда. (AKu\SE)

XS
SM
MD
LG