Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

Кыргызстанда алгач ирет “Спайска” байланыштуу кылмыш иши ачылды


Бишкектеги жарыялардын бири
Бишкектеги жарыялардын бири

“Маңзат жана акыл-эске таасир этүүчү каражаттарды көзөмөлдөө” жөнүндөгү мыйзам өзгөртүү киргизилгенден бери Кыргызстанда алгач ирет “Спайс” каражатын жайылтууга шектелген жаран кармалып, кылмыш иши ачылды.

Шаардык милициядан кабарлашкандай, интернет аркылуу “Спайс” сатуу менен алектенип жүргөнү аныкталган 29 жаштагы киши 29-декабрь күнү Бишкекте колго түштү. Кармоо учурунда анын жанында беш граммга жакын акыл-эске таасир этчү каражат табылган.

Түрдүү заттардын аралашмасы саналган "Спайс" жөнүндөгү жарыялар шаар көчөлөрүндө соңку жылдары көбөйгөн. Быйыл жайында Жогорку Кеңеш ага каршы мыйзам кабыл алган. (SE)

XS
SM
MD
LG