Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:03

Англиянын түндүгүндөгү Йоркширде эң чоң суу ташкыны болду


Йоркшир графтыгында токтобой жааган жамгырдын айынан ири масштабдагы суу ташкыны болду.

Синоптиктердин айтымында, аймакка бир нече күндө эле бир айлык өлчөмдөгү жамгыр жааган. Бул кызматтын маалыматы боюнча, мындай суу ташкыны өткөн жетимиш жылдан бери боло элек болчу. Мына ошого байланыштуу жүздөгөн аскер адамдары Йоркшир графтыгындагы куткаруучуларга жардамга жөнөтүлдү.

Жүздөгөн адамдар суу ташкындаган аймактан эвакуацияланып, 25 миңден ашуун үй электр жарыгысыз калды. Жергиликтүү бийликтин баасы боюнча келтирилген зыян бир миллиард фунттан ашуун. Соңку жылдары Британияда кышында суу ташкындашы кадимки көрүнүшкө айланууда.

XS
SM
MD
LG