Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

Салык кызматы: Самаков мамлекетке 59 млн. сом карыз


Карганбек Самаков
Карганбек Самаков

Мамлекеттик салык кызматы мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковдон 60 миллионго чукул сом төлөтүп берүү үчүн Башкы прокуратурага кайрылды. Салык кызматынын маалымат катчысы Эркин Сазыковдун “Азаттыкка” билдиришинче, Карганбек Самаков Аламүдүн районунун аймагындагы жер тилкелерин сатып жатып, кирешесин толук көргөзгөн эмес. Натыйжада сатуудан түшкөн салык мамлекетке төлөнбөй калган. Салык кызматынын маалыматында Самаков жалпы суммасы 59 млн. 491 миң 100 сомду казынага төлөөсү абзел.

Башкы прокуратурадан Салык кызматынын кайрылуусун экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына өткөргөнүн “Азаттыкка” билдиришти.

Аламүдүн районундагы 262,3 гектар жер 1,5 миңге жакын кишиге сатылып, ал жерге "Биримдик Кут" жаңы конушу түшкөн.

Өкмөт 3-сентябрда Аламүдүн районундагы 262,3 гектар жерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу тууралуу 2008-жылдын 11-октябрда кабыл алган токтомун жокко чыгарган.

Ушул жерге байланыштуу Жогорку Кеңеш депутаты Карганбек Самаковго айыл чарба жерин мыйзамсыз менчиктештирген деп кылмыш иши козголгон. (SDz)

XS
SM
MD
LG