Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:06

Чек арада жабыркагандардын абалы туруктуу


Кыргыз-өзбек чек арасында октон жабыркаган эки кыргызстандыктын абалы канааттандырарлык. Жарадарлардын бирөөнө операция жасалып, денесиндеги ок алынды. Дарыгерлер экөөнүн тең абалы дурус экенин айтышты. “Азаттыктын” Баткендеги кабарчысы Жеңиш Айдаровдун айтуусунда, окуя болгон Боз-Адыр айылында жергиликтүү тургундар чогулууда.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 30-декабрда кыргыз-өзбек чек арасында, Баткен облусундагы Боз-Адыр айылынын “11 гектар” аймагында өзбекстандык чек арачылардын огунан кыргызстандык эки тургун жарадар болушкан.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, алар аткезчилик менен чек арадан жүк алып өтүүгө аракет кылган жеринде өзбек чек арачыларынын огуна кабылган. Чек арачынын буйругуна баш ийбеген тургундарга өзбекстандык чек арачылар курал колдонгон.

Жарадар болгон эки жаран Баткен облустук ооруканага жаткырылды. Окуя болгон жерге Баткен чек ара отрядынын башчысы барып, жагдайды тактоо аракетин көрүүдө. (КЕ/JsA)

XS
SM
MD
LG