Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

Жаңы жыл күнү Бишкекте беш адам каза тапты


Жаңы жыл түнү Бишкек шаардык тез жардам кызматына 650 кайрылуу түшүп, анын ичинен 470 чакырууга тез жардам кызматкерлери барган.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык тез жардам кызматынын башкы дарыгери Болотбек Абдылдаев кабарлады. 31-декабрдан 1-январга караган түнү кайрылгандардын ичинен 90го жакыны ооруканага жаткырылды. Ар кандай себептер менен беш киши каза болду. Кайрылгандар арасында жол кырсыктары, аракка уулангандар, кан басымы жогорулап, токмок жегендер бар. Бир киши фейерверктен жабыркап кайрылган.

31-декабрдан 1-январга караган түнү Бишкекте 30дан ашуун бригада иштеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG