Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

Темир Сариев Токтогул ГЭСине барды


Токтогул ГЭСи
Токтогул ГЭСи

Бүгүн премьер-министр Темир Сариев Токтогул ГЭСинин иши жана авариялык жарактан чыккан жабдыктарды оңдоонун жүрүшү менен таанышты. Премьер Токтогул ГЭСиндеги иштен чыккан жабдыктарды алмаштыруу иштерин тездетип, калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу өкмɵттүн негизги милдети экенин билдирди.

«Токтогул ГЭСиндеги жабдыктардын иштен чыгышы биз үчүн абдан чоң коңгуроо. Себеби, энергетика системасындагы жабдыктар учурунда алмаштырылбай калган. Ошондуктан, биз ГЭСтерди реконструкциялоону тездетүүбүз зарыл экенин кɵрсɵтүүдɵ. Бул жаатта өкмɵт ɵз ишин күчɵтɵт жана энергетиктерге дал ушундай тапшырма коюлат», – деди Темир Сариев.

28-декабрь күнү ГЭСтеги кабелдерде май тамганына байланыштуу эки генератор өчүрүлгөн эле. Мындан улам электр энергиясына чектөө киргизилген. Нарын дарыясынын боюндагы кичи ГЭСтерди ишке киргизүү менен чектөө алып салынган.

30-декабрда Бишкекте энергетиктердин жыйыны өтүп, премьер-министр Темир Сариев элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып, энергетиктерге бул жаатта түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү табыштаган. (SDz)

XS
SM
MD
LG