Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Ошто имамдар секулярдык билим алышууда


Имамдардын билимин жогорулатуу курсу
Имамдардын билимин жогорулатуу курсу

Ош мамлекеттик университетинде «Имамдардын билимин жогорулатуу курсу» башталды. Окуу жайдын теология факультетинен “Азаттыкка” кабарлашкандай, аталган курска Баткен облусунан 200 имам угуучу катары катышууда.

Окутуу курстары 12 күндүк мөөнөт менен үч жолу өткөрүлөт. Анда ОшМУнун теология факультетинин окутуучулары, Муфтиятка караштуу дин аалымдары жана башка тиешелүү лекторлор сабак берет.

Ошондой эле окутуунун өзөгүн секулярдык (айдыңдык) сабактар да түзмөкчү. Укук, менежмент (башкаруу), интернетти өздөштүрүү боюнча баш-аягы 600 имамга дарс окулат.

«Имамдардын билимин жогорулатуу курсу» жумурияттагы «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун колдоосунда өтмөкчү. Кийинки топто Ош облусунун имамдары окутулат. (SDz)

XS
SM
MD
LG