Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

Диний үгүттөөчү ан-Нимрдин өлүмү нааразылык жаратты


Сауд Арабиянын чыгышында көптөгөн шииттер диний үгүттөөчү Нимра ан-Нимрдин өлүм жазасына тартылганына байланыштуу нааразычылык акциясына чыгышты. Алар башкаруучу сунилердин династиясына каршы экенин билдиришти.

Reuters агенттиги маалымдагандай, ан-Нимрдин өлүмү өлкөдөгү көптөгөн шииттердин нааразычылыгын тутандырып, дин аралык чатактарга жеткириши мүмкүн. Себеби дүйнөнүн башка өлкөлөрү да Сауд Арабиянын азыркы бийлиги туура эмес кадамга барганын айта башташты.

Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики окуяны кылмыш катары сыпаттап, бул башкаруу туңгуюкка баратканын билдирди. Иран бийлиги болсо Сауд Арабия терроризмди колдоп жатат десе, Ливан, Йемен жана Бахрейн өлкөлөрүндө адамдар нааразычылык маршын өткөрүштү.

Нимр ан-Нимр 2011-жылы Сауд Арабиянын чыгышындагы шииттердин нааразылык акциясында негизги фигуралардын бири болгон. Ан-Нимр ар убак шииттерге каршы кысымга каршы чыгып келген. Бул өлкөдө шииттер калктын 15 пайызын түзөт. (SDz)

XS
SM
MD
LG