Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:22

Кумтөр кенинде иш калыбына келди


2-январда Кумтөр кенинде жамааттын нааразычылыгынан улам үзгүлтүккө учурган иш бүгүн эртең менен калыбына келди. Бул тууралуу Тоо-кенчилер профсоюзунун төрагасы Элдияр Тажибаев билдирди. Кумтөрдөгү австралиялык адис Майкл Макфиттин билдирүүсүнө нааразы болгон жамаат аны жоопкерчиликке тартуу талабы менен иш ташташкан. Жергиликтүү кызматкерлер "чет элдик адистер кыргыз элинин салт-санаасын сыйлап, кадыр-баркка доо кетирбеши керектигин" айтышкан.

Бүгүн Кумтөрдүн кесиптик кошуундар бөлүмүнүн жетекчиси Авазбек Кожокматов жамаат менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштеринен соң кызматкерлер иш ордуна кайтышты.

31-декабрда Кумтөр кениндеги австралиялык адис Майкл Макфит жаңы жылдык кечеде түшкөн сүрөтүн интернетке жайгаштырып, дасторкондогу чучукту жылкынын жыныстык мүчөсүнө салыштырган.

Бул социалдык сайттарда активдүү талкууланып, айрым жарандык коомдун өкүлдөрү кыргыз элин шылдыңдоо катары кабыл алышканынан 2-январда Макфит жазган билдирүүсү үчүн кечирим сураган. (SDz)

XS
SM
MD
LG