4-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жамгыр болбойт, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектерде жана тоолордо кар жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 3…8 градус жылуу,
Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8° жылуу болот,
Баткен облусунда түнкүсүн -1…+4 градус болсо, күндүз абанын температурасы 3…8 градуска чейин көтөрүлөт.
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+3, күндүз синоптиктер 4…9° жылуу болот.
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5 градус суук болсо, күндүз 1…6 градуска чейин күн жылыйт.
Нарын облусунда түнкүсүн -13...-18° суук, күндүз -6…-11,
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 6…8° жылуу болот.