Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:04

Ирандагы Сауд Арабиянын элчилигине кол салуу болду


Шиит багытындагы диний үгүттөөчү Нимр ан-Нимдин өлүм жазасына тартылганына нааразы болгон топ Ирандын борбору Тегерандагы Сауд Арабиянын элчилигинде бүлүк салды. Митингге чыккандар дипмиссиянын имаратына таш ыргытып, полициянын тоскоолдугуна карабай имараттын короосуна кирип кетишти. Элчиликтин жарым бөлүгү өрттөлгөнү маалымдалат.

Ирандын басымдуу бөлүгү шииттер болгондуктан, Сауд Арабиянын акыркы кадамына кескин каршы чыгышууда. Окуя болгон күнү Ирандын Тышкы иштер министрлиги сауд элчисин чакырып, нааразычылык нотасын тапшырган. Өз кезегинден Эр-Рияд да иран элчисине Тегеран өлкөнүн ички ишине ашкере кийлигишип жатканын айткан.

АКШнын Мамдепартаменти Нимр ан-Нимрдин өлүм жазасына тартылганына байланыштуу көңүл айтып, сауд бийлигин оппозицияныны сын айтуусун туура кабыл алууга чакырды.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун шейх менен чогуу 46 адамдын өлүм жазасына тартылганына кабатырлыгын билдирсе, башка араб өлкөлөрүндө, анын ичинде Сауд Арабиянын өзүндө да нааразычылык акциялары өтүп жатат.

Нимр ан-Нимр 2011-жылы Сауд Арабиянын чыгышындагы шииттердин нааразылык акциясында негизги фигуралардын бири болгон. Сауд Арабияда шииттер калктын 15 пайызын түзөт. (SDz)

XS
SM
MD
LG