Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Тажикстан: 882 адам Орусия жарандыгын алды


2015-жылы Тажикстандан Орусияга туруктуу жашоо үчүн 882 жаран үй-бүлөсү менен чыгып кеткен. “Азаттыктын” тажик кызматына Федералдык миграция кызматынан маалымдашкандай, өткөн жылы КМШ өлкөлөрүнүн арасынан Орусиянын жарандыгын эң көп тажиктер алган.

Жалпысынан 2015-жылы Орусиянын жарандыгын алуу тууралуу арыз менен үч миңден ашык тажик жараны кайрылган. Тажикстандагы Федералдык миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн башчысы Владислав Маркеевичтин маалыматына ылайык, арасынан орус тилин жакшы билген кайсы бир кесиптин адистерине гана жарандык берилген.

Тажикстан бийлиги мигранттардын өтүнүчүнө карап Орусия менен кош жарандуулук программасын киргизген. Долбоордун алкагында тажик жарандары эки өлкөнүн тең жарандыгын алып, каалаган өлкөдө жашаса болот. Бирок алар милдеттүү түрдө орус тилин билип, суроо-талапка жооп берген кесипке ээ болушу шарт.

Өз кезегинде Тажикстандын эксперттери кош жарандуулук программасынын алкагында мыкты адистер өлкөдөн чыгып кетет деп коңгуроо кагып келет. (SDz)

XS
SM
MD
LG