Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Өкмөт чек араларды тактоо ишин жандантат


Кыргыз-өзбек чек арасындагы зым тосмо.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы зым тосмо.

Кыргызстан 2016-жылы Тажикстан жана Өзбекстан менен чек араларын тактоо иштерин жандантат. Бул тууралуу 2015-жылдагы тышкы саясат боюнча жыйынтыктоочу маалымат жыйынында Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирген.

Бишкек эки коңшу мамлекет менен бир канча жылдан бери чек араларды аныктоо боюнча бир бүтүмгө келе албай келатат. Буга өткөн кылымдагы ар кандай жылдарда даярдалган карталар себеп болууда.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 976 чакырымды түзөт. Анын 500 чакырымга жакыны такталбай турат. Ал эми Өзбекстан менен чек аранын узундугу 1378 чакырым. Такталбаган жери 370 чакырымга жакын. (SE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG