Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Ирактын борбордук бөлүгүндөгү эки сунний мечитине чабуул болду


Ирак полициясы Хилла шаарына жакын аймакта жайгашкан эки сунний мечитине белгисиз аскер кийимчен адамдардын тобу чабуул койгонун кабарлады. Бул чабуул Багдаддан түштүккө карай жана шииттердин Кербела шаарынан 50 чакырымдай чыгышка карай жайгашкан аймактагы айылдарда болгон.

Биринчи жардыруу Хилле шаарынын чет жакасында жайгашкан айылдагы Аммар бин Ясыр мечитине багытталганы маалымдалды. Аталган жардыруудан үч адам жараат алып, мечитке жакын жайгашкан он чакты үй дагы зыянга учураган.

Экинчи чабуул Хилладан анча алыс эмес Синжар айылындагы Ал Фатех мечитине багытталган. Бул жардыруудан жапа чеккендер жана адам курмандыктары тууралуу маалымат жок.

Ошондой эле Ирактын бийлик өкүлдөрү 4-январдан таңында Искендерия шаарында мусулмандарды намазга чакырган азанчыны өзүнүн үйүнүн жанында белгисиз бирөөлөр атып кетишкенин кабарлашкан.

XS
SM
MD
LG